"Кемин районунда өзүнүн эки уулун муунтуп өлтүрдү" деп шектелген аял баш коргоо чарасы менен эки айга камалды

"Кемин районунда өзүнүн эки уулун муунтуп өлтүрдү" деп шектелип кармалган Орловка айылынын 28 жаштагы тургуну Т.Ольга баш коргоо чарасы менен эки айга камалды. Бул тууралуу 1-сентябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, 29-август күнү саат 21:40 чамасында Кемин РИИБине Орловкадагы ооруканага 7 жана 3 жаштагы балдардын жансыз денеси жеткирилгени боюнча маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге барган укук коргоо органдары балдарды өз энеси муунтуп өлтүргөнүн тастыкташкан. 
Факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектелген айым күнөөсүн мойнуна алган. "Бул боюнча соттук-медициналык, соттук-психиатриялык экспертиза дайындалып, иликтөө иштери жүрүүдө. Экспертизанын жыйынтыгында шектүү психиатриялык жактан жабыркабаган болсо, ал 12 жылга чейин эркинен ажыратылат" деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
aigulai
2014-09-02 16:59:48
Буга эмне себеп болду экен
0
Topcubai
2014-09-02 17:41:56
aigulai, баякы эле арак да
0
Desmond
2014-09-02 18:06:42
Мээси когоргондордун саны кун санап осуп жатат
0
Ganibal87
2014-09-02 18:11:12
Омур бойу кессе да жаным кейибейт еле мындай айбандарга
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан