
* Мындан 99 жыл мурун, 1915-жылы обончу, акын
Жумамүдүн Шералиев Ат-Башы өрөөнүнүн Туюк-Богошту айылында туулган. Ат-Башы райком комсомолунда, райаткомдо катчы, филармонияда солист, Республикалык радио уктуруу комитетинде редактор, Нарын шаардык маданият үйүндө көркөм жетекчи, Нарын музыкалык драма театрында музыка бөлүмүндө башчы болуп эмгектенген. Ал 500дөн ашуун ар кыл жанрдагы ырларга обон жараткан. Белгилүүлөрү: "Бактылуу жаштык", "Кыргызстан", "Нарын вальсы", "Жибек чач", "Жаш чабан", "Сулуу кыз" ж.б. 1973-жылы Жумамүдүн Шералиевге "Кыргыз Эл артисти" наамы ыйгарылып, Ардак белгиси ордени, медалдар менен сыйланган.

* Мындан 3 жыл мурун, 2011-жылы Жогорку Кеңеште КСДП, "Ар-намыс" жана "Ата Мекен" фракцияларынан турган коалиция түзүлүп, премьерликке
Жантөрө Сатыбалдиев келген.

* Мындан 139 жыл мурун, 1875-жылы австриялык автоконструктор
Фердинанд Порше туулуп, 1951-жылы 30-январда Германиянын Штутгарт шаарында 76 жашында инсультка кабылып каза тапкан. Фердинанд Порше дүйнөгө “Porsche” компаниясынын негиздөөчүсү жана Фольксваген автоунаасынын түзүүчүсү катары белгилүү болгон.