Осмонбек Артыкбаев: "Кышында комиссия ар бир үйгө кирип, электр энергиясын үй жылытууга колдонуп жаткан абоненттерди токтотушу керек"

Кыргызстанда электр энергиясынын үйдү жылытууга же бизнес үчүн колдонулушу боюнча абоненттерди текшерген комиссия түзүү керек. Муну бүгүн, 2-сентябрда өткөн өкмөттүк жыйында энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев билдирди. Жыйында күз-кыш мезгилине даярдыктын деңгээли талкууланууда. Министр Ош жана Бишкек шаарларында электр энергиясын үнөмдөө боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын кошумчалады. "Мындай иштерди жергиликтүү кадыр-баркы жогору адамдар жана Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын өкүлдөрү жүргүзүшү керек. Түзүлгөн комиссия ар бир үйгө кирип, электр энергияны үй жылытуу үчүн колдонгондорду токтотууга көмөктөшүүсү кажет",- дейт Артыкбаев. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан