Депутаттар калдык болуп турган дарыларды кошумча нарк салыгынан бошотуу сунушун четке кагышты

Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети бүгүн, 2-сентябрда "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" мыйзамга толуктоо киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун карады. Мыйзам долбоору мындан эки жыл мурда алынып келинип, калдык болуп туруп калган дары-дармектерди салыктан арачалап калууга багытталган. Бирок долбоор комитеттин мүчөлөрү тарабынан да колдоо тапкан жок.

Комитет төрагасы Карганбек Самаков: "Эки жыл мурунку, колдонуу мөөнөтү да өтүп бара жаткан, калдык болуп калган дары-дармектерди кошумча нарк салыгынан бошотуп коёлу деп келген өкмөттүн позициясы туура эмес",- деди.

Комитет жыйынында 4 мыйзам долбоору толуктап иштеп чыгуу үчүн кийинки апталарга жылдырылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан