Ош шаарында балдардын үйдө жалгыз экендигинен пайдаланып, ата-энеси жокто үйүнө кирип акча жана баалуу буюмдарды уурдап жүргөн 41 жаштагы
Рахат Төлөнова кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-сентябрда Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 7 жарандан түшкөн арыздын негизинде издөө иштерин жүргүзүшүп, Бишкек шаарынан Ошко келген, 1973-жылы туулган Рахат Төлөнова аттуу аялды кармашкан.
Ал 5 баласын багуу үчүн алдамчылык жолуна түшкөн. Тагыраак айтканда, ал короодо ойноп жаткан балдардын үйдө жалгыз экенинен пайдаланып, баланы «жүрү, апаң (атаң) ооруканага (милицияга) түшүп калды, акча керек» деп үйүнө ээрчитип барып, акчаларын жана баалуу буюмдарын алып кетип жүргөн. Бул аял 3 жолу уурулук жана алдамчылык фактысы боюнча соттолгон. Анын айтуусуна караганда, жакын туугандары жок, балдар үйүндө чоңойгон.
Бул маалыматтар боюнча тактоо иштери жүргүзүлүүдө. Ош шаардык милициясы бул аялдан жабыр тарткан адамдардын милицияга кайрылуусун суранат.