Бишкекте 2-сентябрда "Эмгек акы төлөө системи: Кыргызстандагы бизнес жана коммерциялык эмес тармактын өзгөчөлүктөрү" деген темада тегерек стол өттү. Анда тийиштүү тармактын өкүлдөрү, эксперттер эмгек акы төлөө системи, ортоңку звенодогу жетекчилердин айлыктарынын деңгээли, алардын айырмачылыктары тууралуу пикир айтышты. "Инфосистема" мамлекеттик ишканасынын башкы адиси Айгүл Үмөталиева акча жумушту алдыга жылдыруудагы жападан-жалгыз түрткү берүүчү элемент болуп калбашы керектигин айтат.
"Биздин кызматкерлердин маянасы 2009-жылдан бери 20 пайызга гана өстү, бирок эч кимисинин ишин таштап кетүү тууралуу ою жок. Кеп мекенге берилгендикте, көп күч коротуп баштаган ишин таштап салгысы келишпейт. Аларды орусиялык жана казакстандык көп компаниялар чакырышат, бирок баш тартышат",- дейт Үмөталиева.
Аталган ишканада 40тан ашык кызматкер бар экени, алар инновациялык программаларды иштеп чыгуу менен алектенишери айтылды.