Эльвира Сариева чылым чегүү өлүмгө алып барарын эске салды

Вице-премьер-министр Эльвира Сариева бүгүн, 3-сентябрда өлкөдө чылым чегүүнү көзөмөлдөө маселеси талкууланган жолугушууга катышты. Өкмөттөн билдиришкендей, мындай жолугушуу саламаттыкты сактоо тармагындагы "Ден соолук" программасынын алкагында уюштурулат. Министрликтердин, саламаттыкты сактоо жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү өлкөдө чылым чегүүнүн кескин өсүшүнө каршы күрөшүү стратегиясын талкуулашты. Сариева статистикалык маалыматтар боюнча, чылым чегүүдөн улам ооруга кабылган эркектердин 30 пайызы 35-69 жашында каза болушарын айтты. "Тамекини тынымсыз чеккендерди гана эмес, чылым аз чеккендерди да өлүмгө алып барарын белгилеп коюу керек. Муну менен бирге Борбордук Азия жана Чыгыш Европа өлкөлөрүнө салыштырмалуу бизде тамекиге салыктын көлөмү абдан төмөн",- деди Сариева.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан