Евросоюздун айрым мамлекеттери Орусияны ири футболдук уюмдардын курамынан чыгарууну сунушташты

Евросоюздун кийинки даярдап жаткан санкциялары спорт тармагына таасирин тийгизиши мүмкүн. Евросоюздун айрым мүчө мамлекеттери Орусияны ФИФАнын (Эл аралык футбол федерациясы) жана УЕФАнын (Европанын футбол ассоциацияларынын кеңеши) курамынан чыгаруу сунушун айтып жатышат. Бул тууралуу чехиялык басылмаларга шилтеме берүү менен орусиялык басылмалар кабарлашты.

Маалыматка ылайык, эгер бул сунуш жөндүү деп табылып, чечим кабыл алынса, Орусия 2018-жылы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугун өткөрө албай калат. Ошондой эле орусиялык футболдук клубдар УЕФАнын желеги астында өтүүчү мелдештерге (УЕФАнын Чемпиондор Лигасы, Евролига) катышпайт. Негизи, жогоруда аты аталган 2 футболдук уюм кайсы бир мамлекетке көз каранды эмес, андыктан кайсы өлкөнү курамынан чыгарууну өз алдынча чече алышат.  

“Ооба, мындай сунуш болгон. Орусияны ири масштабдагы маданий жана спорттук иш-чараларды өткөрүү укугунан ажыратыш керек. Бул 2018-жылы Орусияда өтө турган Дүйнө чемпиондугуна түздөн-түз таасир тийгизиши мүмкүн”,- деп билдирген европалык маселелер боюнча мамлекеттик кеңешчи Томаш Проуза.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан