Борбордук шайлоо комиссиясы менен Эл аралык кызматташтык боюнча кореялык агенттиктин ортосунда 5 миллион долларлык жардам боюнча макулдашууга кол коюлду

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы менен Эл аралык кызматташтык боюнча кореялык агенттиктин (KOICA) ортосунда атайын макулдашууга 2-сентябрда кол коюлду. БШКдан билдиришкендей, макулдашууда кыргыз тарапка техникалык грант аркылуу 5 миллион долларлык жардам берүү жагы каралган. Техникалык жабдуулар (бюллетендерди автоматтык түрдө эсептей турган урна, программалык камсыздоо, добуш берүүнүн жыйынтыктарын топтоо жана сактоочу каражат) 2015-жылкы шайлоону таза жана ачык өткөрүүгө шарт түзөрү айтылды. БШК менен аталган агенттиктин биргелешкен жумушчу тобу 27-августтан 2-сентябрга чейин документтин долбоорун даярдап чыгышкан. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан