Ысык-Көл облусунда күчү 4 баллга жеткен жер силкинүү катталды

Ысык-Көл облусунда күчү 4 баллга жеткен жер силкинүү катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 3-сентябрда билдирди.

Маалыматка караганда, жер титирөө бүгүн саат 08:11 чамасында болгон. Анын очогу Барскоон айылынан түштүк-чыгышты карай 5 чакырым, Кичи-Жаргылчак айылынан түштүк-батышты карай 7 чакырым, Тамга айылынан чыгышты карай 10 чакырым, Ак-Терек айылынан түштүк-батышты карай 12 чакырым, Дархан айылынан түштүк-батышты карай 25 чакырым алыстыкта жайгашкан. Барскоон, Тамга, Кичи-Жаргылчак айылдарында зилзаланын күчү 4 баллга жеткен.

Алдын ала алынган маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан