Ысык-Көл облусунда эки жарандын ортосундагы уруш өлүм менен аяктады

Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, үстүбүздөгү жылдын 2-сентябрь күнү саат 06:00 чамасында Түптөгү турак үйлөрдүн биринен 1986-жылы туулган жарандын жансыз денеси табылган. Экспертиза анын бирөө тарабынан сабалып өлтүрүлгөнүн аныктаган. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн жыйынтыгында кылмышка шектүү катары 29 жаштагы жергиликтүү тургун кармалган.

Кармалган жарандын айтымында, каза тапкан жаран экөө ошол күнү спирт ичимдигин ичишкен. Анан ортодо уруш чыгып, кылмышка шектүү маркумду сабап салган. Анын айынан жабырлануучу каза тапкан.

Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
osh93
2014-09-03 11:30:42
ушул ичкилике каршы мыйзам кабыл алыш керек Кыргызстанга озу
0
Asan-aka
2014-09-03 12:38:17
Рас болот ич дептирби бироо
0
Ganibal87
2014-09-03 14:54:40
Ичкиликти жойуу бойунча бир чара колдонущ керек мамлекетке пайда алып келгени менен кара пайым ел андан да коп зыянга учурап келет коп кырсыктарга, ажырашуу, зордуктоо жана башка коптогон маселени алдын алса болот аракты тыю,, менен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан