ЖКнын 3-сентябрдагы жыйынында "КРнын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамдын долбоору каралды. Бул долбоор буга чейин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетте, Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетте, Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча комитетте, Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетте каралган.
Жыйында демилгечилер: “Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине "юридикалык жакты мажбурлап жоюу" деген жазанын жаңы түрүн толуктоо сунушталууда. Бул сунуш эгерде юридикалык жак террористтик же экстремисттик кылмыштарга катышып, бир кыйла мүлккө зыян же адам өлүмүнө алып келе турган болсо, бул жаза колдонулат. Аталган мыйзам долбоорунда Орусия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан өлкөлөрүнүн Жарандык кодекстерине окшош нормалар бар”,- дешти.
Сунуштарды эске алуу менен долбоор биринчи окууда добуш берүүгө жиберилди.