Мамлекеттин карамагындагы сугат жерлерди 45 жылга эмес, 5 жылга чейин гана ижарага берүү сунушталууда

ЖКнын жалпы жыйынында “КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланып жатат. Демилгечи депутат Кожобек Рыспаев кесиптештеринин суроолоруна жооп берип жатып мамлекеттин жерин ижарага узак убакытка берүүгө болбой турганын айтты.

Айтымында, эски норма боюнча мамлекеттин сугат жерлери ижарага 45 жылга берилип келген болсо, жаңы норма боюнча 5 жылга чейин гана берилет. Ал эми суу жетпеген айдоо аянттары 10 жылга чейин берилет. “Сунушуңарды берсеңер экинчи окууда эске алабыз”,- деди ал.

Депутаттардын сунуштарын эске алуу менен мыйзам долбоору добуш берүүгө жиберилди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан