Жоомарт Оторбаев маанилүү чечимдердин тезирээк күчүнө кириши боюнча токтом чыгарды

Кыргызстандын өкмөтү чукул жыйындарды өткөрүү боюнча чечим кабыл алды. Тийиштүү токтомго премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койгонун 3-сентябрда өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Буга ылайык, зарыл учурда өкмөт апта сайын кезексиз жыйындарды уюштуруп, анда токтоосуз чечилүүгө тийиш болгон маселелер каралмакчы. Өкмөт башчы кабыл алган чечимдер маанилүү нормативдик-укуктук актылардын долбоорлорун макулдашуу убактысын кыскартууга тийиш. "Нормативдик-укуктук актылардын зарыл болгон долбоорлорун кароонун жана макулдашуунун жаңы процедурасы өлкө үчүн маанилүү чечимдердин кабыл алынышын тездетет. Ошондой эле кырдаалга ыкчам реакция жасоого жол ачат. Мурда мындай иштер бир айга созулуп кетчү (ред. жаңы эреже боюнча 7 күндөн ашпайт), бюрокатиянын айынан реформалар токтоп калды",- деди Оторбаев. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан