Британиялык 9 жашар мектеп окуучусу кырсыктаган автожарышчы Михаэль Шумахерге арнап китеп жазды

Британиялык 9 жашар мектеп окуучусу өткөн жылы кырсыктап, азыркы күнгө чейин баштагы калыбына келе албай жаткан автожарышчы Михаэль Шумахерге арнап китеп жазды. Бул тууралуу бүгүн, 3-сентябрда чет элдик маалымат булактары кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Эйден Гормли аттуу 9 жашар окуучу комада жаткан кумирине арналган “Ферраринин укмуштуу окуясы” деген аталыштагы китебин Шумахерге белек кылган. Китепти сатуудан түшкөн каражат кайрымдуулукка жолдонот. “Мен байлыкка ээ болчу жашта эмесмин” деп түшүндүргөн мунун себебин автор.

Кошумчалай кетсек, М.Шумахер 2013-жылдын декабрь айында лыжа базаларынын биринде кырсыкка учурап, үстүбүздөгү жылдын июль айына чейин комада жаткан. Учурда анын үндөрдү угуп, белги берип, туугандарын таанып калганы айтылууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан