Чыныбай Турсунбеков: "Айылдарда 1 гектар жердин ижара акысы 17 миң сомго чейин чыгыптыр, демек, дыйканчылыкка кызыгуу бар"

Борбордон алыс жайгашкан Тогуз-Торо районунун тургундары кошумча түндүк-түштүк унаа жолунун курулуп жатышына ыраазы. Муну бүгүн, 3-сентябрда "Парламент" радиосундагы түз байланышта КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков билдирди. “Тогуз-торолуктарды калкты иш менен камсыз кылып, жергиликтүү бюджетке каржы түшүргөн “Макмал” алтын кенинин келечек тагдыры тынчсыздандырары белгилүү болду. Анткени кен түгөнө баштаптыр. Ошондуктан көп жылдардан бери топтолгон кен калдыктарын кайра иштетүү милдети турат”,- дейт депутат.

Андан сырткары жер-жерлерде токтоп турган ири ишканаларды кайра ишке киргизүү, көп жылдардан бери пайдаланылбай келген жерлерди иштетүү активдешкенин белгиледи Турсунбеков. “Мисалы, Ысык-Көл аймагындагы “Жыргалаң” шахтасын, “Күрмөнтү” цемент заводун иштетүү өтүнүчтөрүн билдиришти. Ансыз жергиликтүү бюджеттерди бекемдөө кыйын. Ал эми элет жеринде 1 гектар жердин ижара баасы 17 миң сомго чейин чыгыптыр. Демек, киреше булагы катары дыйканчылыкка кызыгуу бар. Бул жакшы көрүнүш”,- дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан