Орусиянын Челябинск облусунда "жарым миллион рублга жакын жасалма акча чыгарышкан" деп шектелип 2 кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-сентябрда аталган облустун прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, прокуратура кыргызстандыктар Мухаммад Валиулинге (1974-жылы туулган) жана Сергей Меньшовго (1987-жылы туулган) Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин “уюшкан топ тарабынан жасалма акча чыгаруу, сактоо жана өткөрүү” беренеси боюнча айып салууда.
Тергөөнүн алдын ала маалыматына таянсак, 2013-жылдын декабрь айында аталган жарандар Челябинск шаарында 5 миң рублдук купюранын 30 жасалма акчасын сактап жүргөнү аныкталган. Кылмышка шектүүлөр кармалгандан кийин алардын батиринен дагы 5 миң рублдук 62 жасалма акча табылган.
Бул факты боюнча иш Челябинск шаарынын Калинин райондук сотуна жөнөтүлгөн. Эгер жарандардын кылмышы аныкталса, алар 15 жылга эркинен ажыратылат.