Ош шаарынын негизги көчөлөрүнө электр энергиясын үнөмдөөчү лампалар коюла баштайт. Муну 3-сентябрда шаар башчысы Айтмамат Кадырбаевге шилтеме берүү менен Ош шаардык мэриясы кабарлады. Быйыл шаардын Салиева көчөсүнө аталган типтеги 50 даана лампа тагылмакчы. Шаардын көчөлөрүндөгү лампалар алмаштырылса, электр энергиясы эки эсе үнөмдөлө турганын айткан мэр: "Азыркы лампалардын иштөө мөөнөтү 10 жыл болсо, жаңы лампалардыкы 16 жыл болот",- деп кошумчалайт.
Маалыматка таянсак, Ош шаарынын башчысы бүгүн Түштүк Кореянын "Vision Tech" компаниясынын президенти Ли Хо Сок менен жолугушуп, шаарды өнүктүрүү долбоорунун тегерегинде пикир алышты.