Ысык-Ата районунда 56 жаштагы жаран эже-сиңдини бычактап салды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 3-сентябрда билдирди.
Маалыматтарга караганда, Кант шаарынын 1-кичи районунда 56 жаштагы жергиликтүү тургун 1977-жылы жана 1979-жылы туулган бир тууган эже-сиңдилерди бычактап салган. Окуяны аймактык милиция кызматкери байкап калып, "Тез жардам" чакырган. Аз убакыттан соң аталган кылмышка шектүү болгон 1958-жылы туулган жаран колго түшүрүлгөн.
Учурда окуянын чоо-жайы иликтенип жатканы маалым болду.