Жоомарт Оторбаев мамлекеттик банктар жеке менчик банктардан артта калып жатканын кескин сынга алды

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 3-сентябрда мамлекеттик 2 банктын жетекчилери Эркебай Мурзабеков менен Эркин Асрандиев жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун директорунун милдетин аткаруучу Нурбек Калматовдун катышуусунда кеңешме өткөрдү. Анда мамлекеттик менчикти башкаруунун эффективдүүлүгүн көтөрүү боюнча сөз болду. Оторбаев мамлекеттик банктардын иши менен жеке менчик банктардын ишин салыштырып жекече анализ жүргүзгөнүн айтты. "Мамлекеттик банктардын иши бүгүнкү күндө канааттандырарлык эмес. Жеке менчик банктардын ишинин көрсөткүчү мамлекеттик банктардыкынан ашып түшүүдө",- деди премьер.
Өкмөт башчы мамлекеттик банктар насыялык саясатта аксап жатканын кескин сынга алганын билдирет өкмөттүн басма сөз кызматы.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан