Сузак районунда “19 жаштагы кызды зордуктап, анан өлтүргөн” деп шектелип 26 жаштагы жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 29-август күнү Сузак районунда 19 жаштагы кыздын жансыз денеси табылган. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барышып, кыздын кимдир бирөө тарабынан өлтүрүлгөнүн аныкташкан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 26 жаштагы жергиликтүү тургун кармалган.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү мас абалында 19 жаштагы кызды зордуктап, жип менен муунтуп өлтүргөнү белгилүү болгон. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.