Чыныбай Турсунбеков "аймактарда кендерди иштетүүгө каршы элди тукургандар өздөрү Бишкекте жашынып жатышат" дейт

Айрым алдамчы адамдардын айынан бир катар ири ишканалардын башы чырга малынып турат, өлкө аймагындагы кендерди иштетүү жаатында ар кандай тоскоолдуктар жаралууда. Бул тууралуу КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков бүгүн, 3-сентябрда "Парламент" радиосунун түз байланышында айтты. Депутат эл чагымчыларды ээрчип жатканын мисал кылды.

“Мына, көп жерлерде жергиликтүү тургундар өз аймактарындагы кендердин иштетилишине каршы чыгып, жолдорду бууп жатышат. Булардын артында Бишкекте жатып алып өздөрүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн калкты көтөрүп, ошондой иштерге жамынуу менен өз пайдасын көздөгөн немелер турганын эстен чыгарбашыбыз керек. Мындай баш аламандыктар элге да, өлкөгө да жакшылык алып келбейт. Андан көрө ишканаларды куруу, кендерди иштетүү менен өлкө экономикасын өнүктүрүп, калк турумушун жакшыртуу зарыл”,- дейт фракция жетекчиси.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан