Тоң районуна алма сатып алуу үчүн барган ишкерди жергиликтүү жаран бычактап салган

Тоң районуна алма сатып алуу үчүн барган ишкерди жергиликтүү жаран бычактап салган. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 3-сентябрда билдирди.

Маалыматтарга караганда, Сокулук районунун 1978-жылы туулган тургуну Тоң районунун Кара-Талаа айылына көп көлөмдөгү алма, алмурут сатып алууга барган. Ал жактан жергиликтүү соодагерлердин бири менен уруша кеткен. Кийин жергиликтүү жаран Сокулук районунун тургунун бычактап салган. Алган жараатынан ал ооруканада көз жумган.

Учурда кылмышка шектүү кармалып, иликтөө иштери жүрүп жатканы маалым болду.  

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан