Мэрия: Кыргыз гематология илимий борборунун аймагы иретке салынды

Санитардык-экологиялык инспекциянын экинчи жолку текшерүүсүндө Кыргыз гематология илимий борборунун аймагында эч кандай санитардык эреже бузуулар катталган жок. Муну бүгүн, 3-сентябрда мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Буга чейинки рейддин жүрүшүндө аталган борбордун аймагын таштанды басып кеткени белгилүү болгон эле. Инспекторлор тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, борбордун директорунун атына протокол түзүлгөн. "Бүгүнкү күнгө карата борбордун кызматкерлери санитардык абалды жакшыртуу иштерин жасашты. Арыктар жана газон тазаланып, таштанды үчүн урналар орнотулду",- деп айтылат маалыматта. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан