
* Мындан 15 жыл мурун, 1999-жылы Чоң-Алай районунун түштүгүндө өлкө чегин бузган исламчыл согушчандардын отрядын талкалоо боюнча аскердик операция башталган. Кыргызстандын Коргоо жана Ички иштер министрликтеринин аскерлери Бок-Башы ашуусундагы маанилүү бийиктикти ээлешип, душмандар Тажикстанга чегинишкен.

* Мындан 33 жыл мурун, 1981-жылы америкалык ырчы, актриса, бийчи, продюсер жана дизайнер
Бейонсе АКШнын Хьюстон шаарында төрөлүп-өскөн. Бейонсенин толук аты - Бейонсе Жизель, фамилиясы - Ноулз. 2002-жылы Жей Зи деген рэпер менен жаздырган “Bonnie Clyde” дуэти Бейонсени жеке ырчы катары тааныткан. Ал актриса катары өзүн сынап, биринчи жолу “Фредди Жейсонго каршы” аттуу фильмге тартылат. 2002-жылы “Auston Powers 3 The Goldmember” аттуу кинодо башкы ролду аткарып, бул кинодо жараткан ролу сынчылар тарабынан жогору бааланган.
* Мындан 5 жыл мурун, 2009-жылы Ирактагы тынч элге мыкаачылык кылганы үчүн америкалык 21 жаштагы десант Стивен Гринге өмүр бою абакта отурууга өкүм чыккан. Ал 2006-жылы 12-мартта Багдадга жакын жайгашкан Эль-Махмудия кыштагындагы аль-Жанабилердин үй-бүлөсүнө кол салган. 14 жаштагы Абир Касем Хамза аль-Жанаби аттуу кыздын ата-энесин, сиңдисин өлтүрүп, кыздын өзүн бир канча аскерлер менен биргеликте зордуктап, кийин мыкаачылык менен өлтүрүп салганы далилденген.