Ысык-Көл облусунун тургуну баңги каражаттарын сатканы үчүн кармалды

Ысык-Көл облусунун Түп районунун 44 жаштагы Советбек аттуу тургуну баңги каражаттарын сатканы үчүн кармалды. Бул тууралуу аталган облустун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы бүгүн, 4-сентябрда билдирди.

Маалыматка караганда, аталган жаран милиция кызматкерлери тарабынан 615 грамм баңгизат (гашиш) сатып жаткан жеринен кармалган. Учурда “башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан