Кочкор районунда оор жүк ташуучу эки унаа сүзүшүп, бир адам каза тапты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 4-сентябрда билдирди.
Маалыматтарга караганда, Кубакы ашуусунун 6-чакырымында кечээ, 3-сентябрда Хово үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунаалар сүзүшүп, натыйжада 1 адам каза болгон. Ошондой эле 3 адам жабыркаган. Окуя болгон жерге КРнын ӨКМнын №42 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барышып, жабыркагандарды автоунаадан алып чыгышып, каза болгон адамды Кочкор райондук өлүкканага жеткиришкен.