Бишкекте 3-сентябрда Коомдук кеңештердин мүчөлөрүн тандоо комиссиясынын курамына жарандык коомдун 10 өкүлүн шайлоо боюнча сынак өттү. Айта кетсек, комиссияга жашы 25тен жогору, жогорку билимге ээ, мурда соттолбогон, мамлекеттик же муниципалдык кызматта иштебеген жана коомдук иштердин активдүү өкүлү мүчө боло алат. Эсептөө комиссиясынын курамына КРнын Президентинин аппаратынын, Борбордук шайлоо комиссиясынын, Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү киришти. Добуш берүүнүн жыйынтыгында төмөнкү 10 адам көпчүлүк добуш менен комиссиянын курамына мүчө болгонун өкмөттөн билдиришти.
1. Темирова Т.Н.
2. Абдрахматова А.Б.
3. Байназаров И.Н.
4. Жаматай уулу Ахуна
5. Макеналиева З.К.
6. Токтакунов Н.А.
7. Ормонова А.Ч.
8. Көчөрбаев З.И.
9. Аджиев М.С.
10. Акматов Р.