Бүгүн, 4-сентябрда парламенттин жыйынында депутат Мыктыбек Абдылдаев ушул жылдын 18-июлунда Ысык-Көлдө кулап түшкөн тик учак боюнча Коргоо министрлигинин маалыматын угууну талап кылды. Депутат бул окуяга ким жоопкер экенине кызыкты. “Куралдуу күчтөрдүн тик учагы кулап түшкөн. Ал миллиард сомдой турса керек, буга ким жооп берет? Бул жерге Коргоо министрлигин чакырып, маалыматын угалы”,- деди ал. Мындан кийин депутат Исмаил Исаков: “Коргоо министрлиги ага жооп бербейт. Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабын чакыралы, ошолор жооп бериш керек”,- деп чыкты.
Маселе күн тартибине кирди.