Жогорку Сот укук коргоочу Азимжан Аскаровдун иши боюнча чыгарган экинчи инстанциядагы соттун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу бүгүн, 4-сентябрда аталган соттун басма сөз кызматы билдирди.
Айта кетсек, Азимжан Аскаров “2010-жылкы Ош жана Жалал-Абаддагы кандуу окуяларга байланышы бар жана милиция кызматкерин өлтүрүүгө катышкан” деп айыпталып, райондук сот аркылуу өмүр бою эркинен ажыратылган эле.
Басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Азимжан Аскаровдун жактоочу Вахидовдун арызын канааттандырып, ишти кайра тергөөгө жөнөткөн. Бирок Бишкек шаардык соту мамлекеттик айыптоочунун "ишти кайра кароо негизсиз" деген токтомунун негизинде Октябрь райондук сотунун чечимин жокко чыгарган. Мындан улам Аскаровдун жактоочусу мамлекеттик айыптоочунун чыгарган токтомун жокко чыгаруу боюнча Жогорку Cотко доо арыз менен кайрылган болчу.