Орусия менен Казакстанда жүргөн эмгек мигранттары Кыргызстандын Чек ара жана Бажы кызматтарынын орой мамилесине өтө нааразы. Бул тууралуу депутат Тынчтык Шайназаров Жогорку Кеңештин 4-сентябрдагы жыйынында билдирди. "Чек арада турган кызматкерлер Кыргызстандын жүзү болуп саналат. Өлкөбүзө келип-кеткен туристтер да, дагы башка адамдар да ошолордун жасаган мамилелерине жараша баа беришет. Биздин чек арачылар өлгөн адамдын сөөгүн алып келе жатса да анын паспортунун көчүрмөсүн сурайт экен. Ушу кантип болсун? Муну тезинен тартипке салбаса болбойт",- дейт депутат.