Орусияда "улгайгандарды алдап 35 миң рубль уурдаган" деп шектелген кыргызстандыкка 10 миң рубль айып пул салынды

Орусиянын Сахалин облусунун Невельск шаарында Кыргызстандын жараны алдамчылык боюнча соттолду. Бул тууралуу бүгүн, 4-сентябрда облустун прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 2014-жылдын май айында ал бир адам (учурда ал ким экени аныктала элек) менен улгайгандардан акча уурдоо боюнча планын макулдашышкан. Ушул планга ылайык, бири улгайган адамга баласынын атынан чалып, “жол кырсыкка кабылдым” деп алдаш керек болчу. Ал эми экинчиси улгайган адамга барып, анын ишеничинен пайдаланып, ишти бүтүрүш үчүн акчаны алыш керек экен. Ушундай алдамчылык жол менен кылмышка шектүүлөр жалпысынан 35 миң рубль алышканы аныкталды.

Невельск шаардык сотунун өкүмү менен Кыргызстандын жараны Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин “алдамчылык” беренеси боюнча соттолду. Ага 10 миң рубль айып пул тагылды. Мындан тышкары ал жабырлануучуларга уурдалган акча каражатын кайтарып берүүгө милдеттендирилди. Өкүм ачык соттук отурумда окулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан