3-сентябрь күнү Ош облусунун Чоң-Алай районунда автоунаа күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 4-сентябрда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Чоң-Алай айыл аймагында А.Имаров аттуу жаранга таандык ГАЗ-31029 автоунаасы электр жабдууларын техникалык куроодо эреженин бузулушунан улам күйүп кеткен.
Натыйжада унаанын салону, дөңгөлөгү күйгөн.