Улукбек Кочкоров Баткенде тажиктерден жабыр тарткан тургундардын чыгымдары берилбей жатканын айтып чыкты

Баткенде ушул жылдын 7-майында тажиктерден жабыр тарткан кыргыздардын чыгымдары тажик бийлиги тарабынан берилиптир. Бирок элге бир тыйыны да бериле элек”,- деп билдирди депутат Улукбек Кочкоров ЖКнын 4-сентябрдагы жыйынында.

Айтымында, жалпы чыгым 9 миллион сомго бааланган. Чыгымдардын кайтарылбай жатканы мамлекеттик органдардын кайдыгер мамилесинен.

Ошол күнү 12 кыргыз жабыркаган, бир топ күркөлөр, май куюучу жайлар күйүп кеткен. Жалпы чыгым 9 миллион сом болсо, бир тыйын да бериле элек. Бул элди нааразы кылып жатат. Баткен элинин айтымында, Тажикстан чыгымды жыйнап бериптир. Бул боюнча өкмөттүн маалымат берүүсүн суранам”,- деди Кочкоров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан