Кыргызстанда быйыл билим берүү кызматкерлери иш таштоого чыгышы мүмкүн

Кыргызстанда бир катар билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитеттери иш таштоо чарасын колдоно турганын эскертип жатат. Алар мугалимдердин эмгек акысын жогорулатуу, иштөө шарттарын жакшыртуу талаптарын коюуда. Ушул жылдын 16-сентябрында мугалимдер менен Профсоюз федерациясынын биргелешкен жыйыны өтөт. Бул тууралуу депутат Каныбек Осмоналиев Жогорку Кеңештин 4-сентябрдагы жыйынында билдирди.

Депутаттын айтымында, жергиликтүү мугалимдер эмгек акыдан тышкары кирешеси жок экенин айтып, алардын маянасын жогорулатуу маселесин чечип берүүнү өтүнүп жатышат. "Мугалимдер тиешелүү органдардын жетекчилери унчукпай отурганына нааразы. Билим берүү жаатында андан башка дагы көйгөйлөр көп. Тезинен алдын алуу чараларын көрүп, мугалимдердин иштөө шарттарын жакшыртуу жаатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү зарыл", - дейт депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан