"Кумтөр" маселесине чекит коюуга мезгил жетти" дешти депутаттар

"Центерранын" жетекчилери кен байлыктын чыныгы ээси болгон кыргыз элин таптакыр тоготпой калышты. Мындай пикирди депутат Эркингүл Иманкожоева Жогорку Кеңештин 4-сентябрдагы жыйынында билдирди. Айтымында, "Центерра" ушу тапта өз билгенин жасап, өлкөдөгү айрым жетекчилер да алардын сөзүн сүйлөй баштады. Иманкожоеванын сөзүнөн цитата:

"Биз канчага чейин анын жетегинде жүрө беребиз, ага чекит коюуга мезгил жетти. Алардын "Кумтөрдү" иштетүүсүнө тыюу салып жаткан жерибиз жок. "Экологиялык талаптарды сактоо менен жер алдынан казгыла, таза суу башаты болгон мөңгүлөргө тийбегиле" деп, мөңгүлөр экологиялык жана азык-түлүк коопсуздугунун, калк келечегинин негизги таянычы экенин айтып жатабыз. Күнүмдүк оокатты гана ойлобой, келечекке кам көрөлү".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан