Мурда соттолгону үчүн Аксы райондук сотунун судьясы Эрланбек Токтосуновду кызматтан алуу сунушу берилди

Жалал-Абад облустук прокуратурасынан Кыргызстандын Судьяларды тандоо кеңешине сунуштама келип түштү. Документтин мазмуну - Аксы райондук сотунун судьясы Эрланбек Токтосуновду мурда соттолгонуна байланыштуу кызматтан бошотуу. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы 4-сентябрда билдиргендей, Э.Токтосунов 2004-жылы Казакстандагы "Wimpex" компаниясынын юристи болуп иштеп турган учурда жасалма документтер менен аталган ишканага таандык 2 миллион 801 952 теңгени өзүнө ыйгарып алган. Факты боюнча Казакстандын тергөө органдары тарабынан кылмыш иши козголуп, жыйынтыгында (2007-жылы) Токтосунов сот тарабынан күнөөлүү деп табылып, шарттуу түрдө 3 жылга (анын 2 жылы шарттуу түрдө) эркинен ажыратылган. 
КРнын мыйзамдарына ылайык, мурда соттолгон адам жергиликтүү сотторго судья болуп иштей албай турганы айтылат маалыматта. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан