Баңгизатын мыйзамсыз сактап жүргөн Чүй облусунун тургуну кармалды

Баңгизатын мыйзамсыз сактап жүргөн Чүй облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу аталган облустун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы бүгүн, 4-сентябрда билдирди.
Маалыматтарга караганда, Чүй районунун Он бир-Жылга айылынын аймактык милиция кызматкерине айылдын тургуну баңгизатын сактап жүргөндүгү жөнүндө маалымат келип түшкөн. Атайын жүргүзүлгөн ыкчам аракеттин натыйжасында 3-сентябрда аталган айылдагы көчөлөрдүн биринен 31 жаштагы О.Н. аттуу жергиликтүү тургун кармалып, анын жанынан 2 килограмм 60 грамм марихуана табылган. Учурда О.Н. камакка алынып, ага карата кылмыш иши козголду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан