Жогорку Кеңештин 4-сентябрдагы жыйынында депутат Турсунбай Бакир уулу Кыргызстан Орусия менен Украинаны элдештириши керектигин айтып чыкты. Депутат чатакташкан тараптарды элдештирүү жаатында Кыргызстанда тажрыйба бар экенин белгилейт. "1992-жылы Кыргызстандын президентинин кийлигишүүсү менен Тажикстанда эки тарап элдешкен. Орусия менен Украинага азыр Америка ортомчу болууда. Мен президент менен спикерге аталган өлкөлөрдү жараштырууну сунуштайм",- деп билдирди Бакир уулу.