Бишкекте алдамчылыкка шектелип 52 жаштагы жаран кармалды

Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 4-сентябрда билдирди.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Равил Эрлих аттуу адамдын алдамчылык аракеттеринен жабыркаган жарандан арыз келип түшкөн. Анда аталган жаран чет өлкөдөн арзан баада товар сатып келүү үчүн жабырлануучудан акча алып, дайынсыз жоголуп кеткени айтылган.

Бул боюнча ыкчам аракеттер жүрүп, кылмышка шектүү катары эки жолу алдамчылык боюнча соттолгон 52 жаштагы Равил Эрлих кармалган.

Иликтөөлөрдүн жүрүшүндө Равил Эрлих өзүн немец фирмасынын өкүлүмүн деп тааныштырып, 15 жаранды алдаганы аныкталды.

Равил Эрлих алгач гезит, журналдардан “сатып алам” деген жарыяларды окуп, анан төмөн баада товар сунуштаган. Анын ишенимине кирген сатуучулардан акча алып, дайынсыз жоголуп кетчү.

Эгерде кимде-ким бул адамдан жабыркаса, төмөндөгү номурларга кайрылышса болот: 0 779 78-78-11, 0 777 33-10-84 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aiba_00
2014-09-04 14:13:28
Карыганда калжандабай жон эле каарыбайбы, сакалын ортонгур афферист!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан