Депутаттар электр энергиясына чектөө кирсе, ишкерлер салыктан тыныгуу берүүнү сурай турганын айтышты

Жогорку Кеңештин 4-сентябрдагы жыйынында көп айтылган темалардын бири энергетика болду. Жыйында Ош шаарында газ жана электр энергиясын элге жеткирүүдөгү абалды айтып чыккан депутат Урмат Аманбаева мындай абалдан улам аймактын социалдык-экономикалык абалы жабыркай турганын билдирди. Депутаттын айтымында, электр энергиясындагы 3 фазага чектөө болсо, ишканалардын иши солгундап, салык төлөөгө таасир этет. Ишканаларында иш солгундоого учураса, ишкерлер салыктан тыныгуу берүүнү сурап жатышкандыгын кошумчалады.
Айта кетсек, жакында өткөн өкмөттүк жыйында 3 фазалуу абоненттерди жоюуну катуу көзөмөлгө алуу тапшырмасы берилген. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан