Жогорку Кеңеште Улуттук онкология борборундагы коррупциялык көрүнүштөр күч алганы айтылды

Жогорку Кеңеште депутаттар Улуттук онкология борборунда коррупциялык көрүнүштөр күч алганын айтып чыгышты. Онкологиялык оорудан жабыр тарткандарга шилтеме жасаган депутат Майрамкүл Тиленчиева мамлекеттин эсебинен жүргүзүлүүчү дарылоочу жабдыктарды Онкологиялык борбордун дарыгерлери менчигине айланткандай мамиле жасап, төлөмдөр боюнча эч кандай квитанция берилбестигин белгиледи.

Борбордун ишмердүүлүгүнө токтолгон депутат Ирина Кармушкина онкологиялык оору менен оорубаган эле баланы дарылап жаткан учурду мисалга келтирди. Депутат аталган борбордогу оорулууларды Казакстандын, Орусиянын онкологдору текшерүүдөн өткөрүшү керек деген тынчсыздануусун ортого салды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан