Жайыл районунда чек арачылар тарабынан 2 килограмм баңгизат табылды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан бүгүн, 4-сентябрда билдирди.
Маалыматка караганда, 3-сентябрь күнү кыргыз-казак чек арасына жакын жерде "Чүй" чек ара отрядынын чек арачылары тарабынан пакет табылган. Анын ичинде 2 килограммга жакын баңгизат (кара куурай) болгон. Учурда тиешелүү документтер толтурулуп, баңгизат Жайыл райондук ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилди.