Канттагы цемент заводунан чыккан зыяндуу заттар Бишкекти да каптап жатканы айтылды

Экологиялык талаптар так сакталбагандыктан, Канттагы цемент-шифер заводу аймактагы абалды бузду. Бул тууралуу ЖКнын 4-сентябрдагы жыйынында депутат Эркин Сакебаев айтып чыкты. Анын айтымында, андан чыккан уулуу заттар Кант шаарын, ага жанаша жайгашкан айылдарды эле булгабастан, ордо калаага чейин каптоодо. Мамлекеттик экологиялык техникалык инспекция тезинен текшерүү жүргүзүп, тиешелүү чараларды көрбөсө болбойт.

Депутат Эркингүл Иманкожоева да бул маселеге токтолду. “Бүтүндөй шаарды чаң басып жатат. Канттагы цемент заводуна казак жарандары ээлик кылганына 5-6 жылдай болуп калды. Алар аймактагы экологиялык абалдын жакшыруусуна кызыкдар эмес, эптеп эле пайда тапса болду. Алардын азабын жергиликтүү калк тартып жатат,- дейт Иманкожоева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан