Жогорку Кеңештин 4-сентябрдагы жыйынынын "Ар түрдүү маселелер" бөлүгүн жыйынтыктап жатып төрага Асылбек Жээнбеков депутаттар тарабынан козголгон айрым маселелерге карата өз пикирин билдирди. Суу көйгөйүнө токтолгон спикер бул жаатта өкмөттүн узак мөөнөттүү программасы болушу керектигин билдирди. "Сууну сактоо жана үнөмдүү пайдалануу багытында так программа болушу абзел. Айыл чарбасына суу жеткире албаса, айыл чарбасы өнүкпөйт, өндүрүшкө электр энергиясын жеткире албасак, экономика өнүкпөйт. Өкмөт ушул багытта иш алып барышы зарыл",- деген төрага өкмөт калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоого бардык күчүн жумшоого тийиш экенин айтты.
Жээнбеков өкмөттүн кышка карата даярдыгы парламентте кеңири талкууланарын эскертти.