Парламент: "Мамлекеттик кызматкерлер кыргыз тилин билиши керек" деген маселе кайра көтөрүлдү

Бүгүн, 4-сентябрда “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” мыйзамга толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору каралды. Депутат Кожобек Рыспаев бүгүнкү күндө бул мыйзам долбоору керек экенине токтолду.

"Мамлекеттик кызматкерлер зарыл болгон көлөмдө кыргыз тилин билиши керек" деп ушул мыйзамга өзгөртүү киргизип жатам. Азыр министрликте отурган кызматкерлер айылдан келгендерди чалдыратып орус тилинде сүйлөтүп башын айлантышат. Же өзү кыргызча билбейт. "Кыргыз тилин билбесең жумуштан кетесиң" деп жаткан эч ким жок. "Үйрөнө албайт" деп жүрө беребизби? Мен бул долбоорду колдоп берип коюуңуздарды өтүнөм”,- деди ал. 

Мыйзам долбооруна айрым депутаттар "президент кайра вето коюп, артка кайтарып жибербейби" деген ойлорун айтышты. Депутат Анвар Артыков: олдойбуз, бирок аша чаап кетпеш керек. Чынында, орусча сүйлөп, кыргызча билбегендер айылдан келген кыргызча каттарды окуй албай жатышат",- деди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан