Баткен облусунда унаасын түртүп бара жаткан жаранды айдоочу оор жүк ташуучу унаасы менен сүзүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 4-сентябрда Баткен ОИИБинен билдиришти.
Алынган маалыматтарга ылайык, 2-сентябрга караган түнкү саат 00:30 чамасында Кадамжай - Баткен унаа жолунда Мерседес-Бенц Гигант үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу жолдун боюнда күйүүчү майы түгөнүп калгандыктан Жигули автоунаасын түртүп бара жаткан 26 жаштагы А.П. аттуу жаранды сүзүп кеткен. Натыйжада жабырлануучу 3-сентябрдан 4-сентябрга караган түнү ооруканада каза болгон.
Учурда аталган факты боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.