Маданият, маалымат жана туризм министри Камила Талиева кызматтык Кадиллак автоунаасын эмне үчүн жумуштан сырткары, ишемби күнү колдонгону боюнча түшүндүрмө бере элек. Айта кетсек, маданият министрине таандык 017 KG номурлуу унаанын өткөн ишемби күнү (иш күнү эмес) Горький көчөсүндөгү балдардын буюмдары сатылган дүкөндүн жанында токтоп турганы интернет аркылуу жарыяланган эле. Мыйзамга ылайык, кызматтык автоунааны жеке иштерге колдонууга уруксат берилбейт.
Эскертме: Былтыр сентябрда Бишкекте өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитине карата Кытай Кыргызстандын өкмөтүнө Cadillac XTS үлгүсүндөгү 46 автоунаа берген. Саммиттен кийин ал унаалардын 10у Жогорку Кеңешке, 10у министрликтерге берилген.