Эльвира Сариева быйыл Мамлекеттик тил күнүнө карата өтчү иш-чараларды атады

Бүгүн, 4-сентябрда вице-премьер-министр Эльвира Сариева Мамлекеттик тил күнүнүн түзүлгөнүнүн 25 жылдыгына карата иш-чараларды уюштуруу комитети менен кеңешме өткөрдү. Сариева негизги майрамдык иш-чаралар 2014-жылдын сентябрь-декабрь айларында боло турганын белгиледи. 
"Кыргыз тилин даңазалоо жана өнүктүрүү максатында бир катар иш-чараларды өткөрүү пландалган. Булар: илимий-практикалык конференциялар, атайын сөздүктөрдү, синоним, антоним жана омонимдер сөздүгүн чыгаруу, мектепте жана студенттер арасында сынактарды уюштуруу жана көз карандысыздык алгандан кийинки кыргыз тилинин өнүгүү этаптарын чагылдырган даректүү тасма көрсөтүү. Майрам жогорку деңгээлде өтүш үчүн көп иштерди жасаш керек",- деди вице-премьер. 
Айта кетсек, 1989-жылдын 23-сентябрында "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзам кабыл алынып, кыргыз тили "мамлекеттик тил" статусуна ээ болгон. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан