Бакай-Ата районуна караштуу Боо-Терек айыл өкмөтүнүн кызмат адамдарына карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 4-сентябрда Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине "Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарын бузган" деген айып тагылууда. Алар 2012-жылы жайыт категориясындагы жер тилкесин үй жана сарай куруу үчүн С.Ж. аттуу жаранга берип салышкан. Учурда бул факты боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.